АБУ-ДАБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Абу-Заби) – БАЭнин курамындагы кооз ж-а эң ири эмирлик. Перс булуңун бойлой 400 кмге созулуп жатат. Аянты 67,3 миң км2. Калкы 2,1 млн (2011). Негизинен ислам динин тутат. Борбору – Абу-Даби (БАЭнин да борбору). Рельефи түздүктүү. Климаты кургак. Тропиктин климаттан субтропикке өтмө. Жылдык орт. темп-расы 260С. Эң суук айы – январь (180С), жылуу айы – август (340). Жылдык жаан-чачындын саны 107 мм. Жамгыр көп жааган ай – декабрь (36 мм). Майдан декабрга чейин жамгыр дээрлик жаабайт. А.-Д. 19-к-дын орто ченинен 20-к-дын башына чейин Британиянын протектораты үстөмдүк кылган. 1961-жылдан өз алдынча адм. бирдик, 1971-жылдан БАЭнин курамында. Экономикасынын негизин нефть өндүрүшү түзөт. Нефтини экспорттоодон түшкөн кирешени киши башына бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Саодият а-нда 1996-ж. Эркин экономикалык зона түзүлгөндөн тарта   , ал эл аралык офшордук финансы борбору. Деңиз курорту иштейт.