АНФИЛАДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНФИЛАДА (фр. еnfilade – жипке тизүү) – коомдук имараттын, ак сарайдын, менчик үйдүн интерьеринде мейкиндик перспективасын түзгөн, бир түз сызыкта жайгашкан эшик кашектеринин, бөлмөлөрдүн бири-биринин аркасынан орун алган ырааттуу катары. Имараттын композициялык огу катары Анфилада принциби классицизм бароккосунун ак сарайлар архитектурасына өзгөчө мүнөздүү, бирок дүйнөлүк архитектурада кеңири колдонулат. Анфилада тибиндеги курулуш Кыргызстанда да бар.