АЛТАРЬ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. – altaria, altus сөзүнөн – бийик) – өзгөчө арх-лык курулуштагы курмандык чалынуучу жай. Ошондой эле христиан чиркөөсүнүн эң маанилүү бөлүгү. Алгач ачык асманда курмандык чалынуучу жайлар болгон. Байыркы Грецияда жана Римде мрамор жана рельефтер менен кооздолгон өзүнчө курулуштар пайда болгон. Христиан чиркөөлөрүндө А. деп ыйык сырларды өткөрүүчү үстөл (такты) деп аталган, о. эле католик чиркөөлөрүндө сүрөттөр жана скульптуралар менен кооздолгон дубалдарды аташкан. Күнүмдүк турмушта А. чиркөөнүн бүт чыгыш бөлүгүн аташкан, ал атайын тосмо менен бөлүнгөн, ал эми православдык чиркөөлөрдө (14–15 кк.) иконостас деп аталат.