АЛЕКСАНДРИЯ МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
тил илиминин мектеби. Б. з. ч. 4-к-дын аягында Египеттин борбору Александрияда түзүлгөн. Ал 640-ж. арабдар Александрияны басып алганга чейин иштеп турган. А. м.-нин ири өкүлдөрү: Зенодот Эфесский, Ликофрон, Александр Этолий, Аристофан, Аристарх Самофракский, Дионисий Фракийский, Аполлоний Дискол ж. б. болгон. Александриялык филологдордун эмгектери начар сакталган, көбүнчө кийинки изилдөөчүлөрдүн отчётторунан үзүндүлөр түрүндө (Варрон, Донат, Прискиан ж. б.). А. м.-нин салттары филология м-н грамматиканын негизин түзгөн. Александрия мектеби грек ж-а латын илиминин ж-а Жакынкы Чыгыштын окууларынын айкалышынан келип чыккан. А. м.-нин грамматикасы кийинчерээк Европа тил илиминин негизи болуп калган. Ал грамматиканы тил илиминин башка тармактарынан айырмалап, азыркы фонетика, морфология, синтаксис схемасын аныктаган. Сөз трансформациясы ж-а сөз жасоо категорияларына дагы көңүл бурулду. Александрия мектебинин окуулары тыбыштан баштап, тил түзүлүшүнүн бардык катмарларын изилдөөгө багытталган. Бул мектептин идеялары ж-а методдору байыркы Рим грамматикасына олуттуу таасир тийгизген.