АКМЕИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМЕИЗМ (гр. – жогорку даража) – агым. А. 20-кылымдын башында орус поэзиясында өкүм сүргөн. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү – А. А. Ахматова, Н. С. Гумилев ж. б. Алардын поэзиясын символизмге каршы көз караштар, поэтикалык позициялар бириктирип, көрпенденин көйгөйлүү тиричилигин курч ж-а кеңири жазууга аракеттенишкен. Предметке конкреттүү, кыска мамиле кылганы м-н символисттерден айырмаланышкан. Алар “поэтикалык сөздүн артисттери” (мис., Ф. Анненский) болгон. Кийинчерээк акмеизм совет адабият таануусу тарабынан модернисттик агым катары четке кагылып, чындыкты туура эмес, коомго байланышсыз көрсөтөт деп эсептелинген. 80–90-жылдардан кийин гана алардын чыгармаларына жаңыча көз караш м-н карап, акмеисттердин чыгармалары кайрадан миллиондогон нускалар м-н чыга баштаган.