АНТОНИНДЕР
Jump to navigation
Jump to search
АНТОНИНДЕР Рим императорлорунун династиясы (96–192); Антонин Пийдин ысымынан аталган. А-дин белгилүүлөрү: Нерва (96–98), Траян (98–117); Адриан (117–138), Антонин Пий (13–161), Марк Аврелий (161–180) ж-а Коммод (180–192). А-дин тушунда монархиялык бийлик биротоло чындалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. А-дин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.