АВДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:35, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(евр. Обадия – Кудайдын кызматкери) – 12 кенже пайгамбардын бири; Авдий аттуу библия китебинин автору. Болжол м-н б. з. ч. 6–5-к-да жашап өткөн. А. китеби пайгамбар Иереминин китебине окшошурак ж-а майдаланып бөлүктөргө ажырайт: туугандарды өлтүргөн араздыгын туудурган Едомдун айыбын ачуу ж-а анын соттолушу; Едомду адилеттүү жазалоо; Кудайдын күнү ж-а бардык элдердин үстүнөн Кудай сотунун жүрүшү. А. Израилдин Ыйык жерди бийлөөсү калыбына келтирерлигин ж-а ал жер Кудайдын кудуретинин болочок бейнеси болот деген. А. мындай деп белгилеп кеткен: элдердин келечеги боло турганы алардын ыймандык абалына жараша болот. А-ди эскерүү күнү православиелик чиркөө Улуу посттун биринчи жумасы 19-ноябрда (2-декабрда) белгиленет.