АЛТАН ХАН МАМЛЕКЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Монголиянын түн.-батышында 16-к-дын аягында түзүлгөн мамлекет. 16-к-дын 80-жылдары Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567–1627) Чынгыз хандын урпактарынын бири. Бул мамлекеттин хандары өз ысымдарын атабастан, «алтын ханбыз» дешкен. Ошондон улам бул мамлекет

«А.-х. м.» деп аталат. Бийлик жүргүзгөн жерлеринин чеги: түштүктө Монгол, Алтай тоосунан, түндүктө Саян тоолоруна чейин, чыгышта Далгар-Мурэн өзөнүнөн жана батышта Ямышев көлүнө чейин созулган. А-х. мененин ордосу Убсу-Нур (Монголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-к-дын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар жана алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн бийлигин кармап туруу үчүн А-х. м. барымта кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич ара күрөштөрдө кыргыздар четте турушкан эмес. Кыргыздардын каардуу мүнөзү монголдордогу каймана түрдө айтылган «харгис» (кыргыз) - каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. 17-к-дын ортосунда Борб. Азияда майда хандыктардын кагылышуусунан жана өлкөдөгү уруулардын ич ара кармашууларынын натыйжасында А.-х. м. начарлай баштаган. Ошол учурда күч алып келе
жаткан Жунгар хандыгы А.-х. менене кол салып, анын акыркы ханы Лубан тайжинин аскерлерин Жунгар ханы Сенге Тайши 1667-ж. талкалап, хандын өзүн колго түшүрөт. Азыр да мурдагы А.-х. мененин аймагында (түн.-батыш Монголия) хара хиргис, шара хиргис, мод он хиргис сыяктуу монгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, о. кылымдагы кыргыз-монгол тарыхый-этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-ж. енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн А.-х. м. азыркы Тыва аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары катары белгилүү.	
                                                                                            О. Каратаев.