АРОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:56, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРОН Раймон (14. 3. 1905, Париж – 17. 10. 1983, ошол эле жерде) – француз философу, социологу ж-а публицисти, «бирдиктүү индустриалдык коом» ж-а деидеологизация концепциясынын авторлорунун бири. Өзүнүн филос.-социалдык эмгектеринде салыштырмалуу-тарыхый анализге таянып, «социалдык индустриялаштырууну» же «технологиялык детерминизм» концепцияларын колдонуп, «индустриалдык коом» теориясын өнүктүргөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өнүккөн өлкөлөрдөгү өндүрүштү, керектөөдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдү баалоо аркылуу автоматташтыруунун, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында келип чыккан «жаңы өнөр жайлык көңтөрүш» катары аныктоого аракет жасаган. Ал өнүктүргөн «индустриалдык коом» теориясына окшош «элдик капитализм», «гумандуу экономика», «баары жыргаган мамлекет» түшүнүктөрү келип чыккан.
Г. Т. Ботоканова.