АРИСТОКСЕН
АРИСТОКСЕН Тарентский (б. з. ч. 360, Таранто - б.з.ч. 300, Греция, Афины) – байыркы грек философу, Аристотелдин окуучусу, перипатетиктер мектебинин өкүлү. Ал «Гармониянын элементтери», «Ритмиканын элементтери» эмгегинде пифагорчулардын окуусун перипатетиктердин окуусу м-н бириктирүүгө, айкалыштырууга аракет кылган, музыка ж-а ритм ж-дө байыркы спекулятивдик матем. окууну түзгөн. Перипатетиктик методду колдонуу аркылуу, көп кылымдар бою иск-вого таасирин тийгизген, музыкага киришүү синтезин түзгөн ж-а жандын, дененин байланышын муз. гармония, лиранын катыштары м-н салыштырган. А.– философтордун таржымалын же пифагорчулардын чыгармачылыгы тууралуу монографиялардын сериясын түзүүчүлөрдүн бири. Анын көз караштары азыркыга чейин талкууланып келет.