АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР
Jump to navigation
Jump to search
АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР– б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археол. эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түн.батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын ж-а жылкылардын сүрөттөрү кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири б-ча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.