АРАБЕСКА
Jump to navigation
Jump to search
АРАБЕСКА (итал. arabesko – арабча) – 1) с ү р ө т т ө мусулман өлкөлөрүнүн орто кылым искусствосунда калыптанган оймо-чийменин европалык аталышы.
Геом., өсүмдүк же эпиграф мотивдери улам өнүктүрүлүп, жыш оймо-чийменин бир түрдүү формаларынын улам кайталана бериши м-н өзгөчөлөнөт. Арабеска колдонулуп мечиттин дубалы, куполдун беттери кызыл-тазыл кооздолот; 2) м у з ы к а д а – фортепьяно үчүн жазылган обонго бай чакан музыкалык пьеса. Р. Шумандын, Н. Гаденин, А. С. Аренскийдин, А. К. Лядовдун, Н. К. Метнердин, К. Дебюссинин ж. б. арабескалары белгилүү.