АРАА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:48, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАА– жыгач, металл, таш, бетон ж. б. текзаттарды (материалдарды) тааруу, жара тилүү үчүн колдонулуучу кол же тестик (станоктук) көп кескичтүү шайман. Жыгач тааруучу кол А-нын узатасынан ж-а ийри тааруучу түрлөрү бар. Жыгач өнөр жайында бензин же электр м-н иштөөчү А-лар колдонулат. Металл түтүктөрүн, прокаттарды, тунуке тилкелерин ж. б. металл буюмдарын тааруу диск, сүрүлмө, мис., абразивдик ж-а тиштүү тасма , ийилчек болот тасмалар м-н аткарылат. Ысык темирди кесүү үчүн

Араанын түрлөрү: а – дискалуу араа; б — бычак сымал араа; в — тасмалуу араа.

өтө чоң айлануу жыштыктагы дискиси бар А. колдонулат. Курулуш ишинде тоотектеринен такта, блок, дубал таштарын жасоо үчүн кескич шайманы бышык эритме тиштүү диск, аркан, чынжырлуу А., шакек фреза м-н жабдылган таш кескич тилет. Кескич шайманынын диаметри 3-6 мм болот аркандуу аркан А-сы м-н имарат жасалгалоочу таш иштетилет.