АСАНОВ Абыт

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Курсан Сатарович (31. 8. 1966-ж.т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Жаңы-Арык айылы) – милициянын генерал-майору (2017). ОШМУну (1998), КР ИИМдин Академиясын (2004) бүтүргөн. 1991–92-ж. КР ИИМдин Мобилдик ыкчам отрядынын (ОМОН) 6-ыкчам ротасынын жоокери, 1992–94-ж. КР ИИМдин Атайын полиция отрядынын рота командири, 1994–97-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын Патрулдук-посттук милиция полкунун 6-ротасынын командири, 1997–2000-ж. Жалал-Абад обл. ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, улук ыкчам өкүлү, 2000–01-ж. Базар-Коргон р-ндук, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн, Ош обл. ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, 2004–05-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, 2005–08-ж. Кара-Суу р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 2008-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын 9-бөлүмүнүн начальниги, 2008–09-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, 2009–10-ж. Өзгөн р-дук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 2010-ж. Ош обл., Ош шаардык, ички иштер башкармалыгынын, Бишкектеги Свердлов р-ндук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, 2011–19-ж. КР Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. КР Жогорку Кеңештин депутаты (2010–11) болуп шайланган. Ал экс-президент А. Атамбаев кармалган 2019-ж. августта Кой-Таш айылындагы окуялар б-ча айыпталып, кызматынан бошотулган. 2021-ж. 26-январда ал КР ИИМдин кызматкерлери тарабынан КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси «Имараттарды жана курулмаларды басып алуу» б-ча кармалган.