АСАНБАЕВ Мамбет

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Мамбет (1939-ж. т., Чүй обл., Coкулук р-ну, Жал айылы) – артист, КРдин эл арт. (1995). А. Н. Островский атн. Ташкент театр иск-во ин-тун бүткөн (1964). Чыг-лык жолу «Кыргызфильм» киностудиясында башталган.
1964-жылдан Кыргыз мамл. акад. драма театрында иштейт. Аткарган негизги ролдору: Масадык («Абийир кечирбейт», Т. Абдумомунов), Эдмунд («Король Лир», У. Шекспир), Аман («Каркыралар кайтканда», Т. Абдумомунов), Александр

АСАНБАЕВ 72.png


(«Үй-бүлө», И. Попов), Typap («Алтын аяк», Б. Жакиев), Ромео («Ромео жана Джульетта», У. Шекспир), Дубана («Ак боз ат», Ш. Садыбакасов), Дзержинский («Кремль куранттары», Н. Погодин), Синтаро («Аялдын өмүрү», М. Kaoру), Айылчиев («Тагдырдын өгөй балдары», Б. Өмүралиев), Кыргылчал («Манастын уулу Ceметей», Ж. Садыков), Осмонбек болуш («Токтогул», Т. Касымбеков) ж. б. Киного да тартылган: Жоро («Жоро», реж. А. С. Бергункер) ж. б.