АРЬЕРСЦЕНА
Jump to navigation
Jump to search
АРЬЕРСЦЕНА – сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы ж-а декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр имараттарында арьерсцена кенен жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр ж-а жарык берүүчү аппаратура орнотулат.