АРХИМЕД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХИМЕ́Д ― (болжолу б. з. ч. 287–212, Сира-куз ш.) – байыркы грек илимпозу, математик ж-а механик. Статика м-н гидростатиканы негиздөөчү. Ил. иштерин механик ж-а техник катары баштаган. Беттер аянтынын, ар кандай нерсе ж-а фигуралардын көлөмүн табуу методун өркүндөткөн. Ал физика-математика илимд. алгачкы окумуштуусу, механиканы илим катары түзүүчүлөрдүн бири. Ага ар түрдүү тех. ойлоп чыгаруулар тийиштүү. Ал к санынын маанисин өтө тактыкта
Failed to parse (syntax error): {\displaystyle Формула 5}

Формула 5


эсептеп чыккан ж-а нерсенин оордук борборун тапкан. Рычагдар законун матем. жол м-н чыгарган. Анын акыркы эмгеги сууга матырылган нерсенин тең салмактуулугун изилдөө болгон. Архимед винти деп аталган суу көтөргүч механизмди ойлоп тапкан.