АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:15, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР– белгилүү бир аймактагы археологиялык эстеликтердин ж-а алардын тизмесин, археологиялык маданияттын жайгашкан ордун, таралышын көрсөтө турган карталар. А. к. эстеликтердин же археол. мад-ттын айрым түрлөрү б-ча же айрым мезгилдерди, бүтүндөй бир доорду кучагына алган хронологиялык карта болуп түзүлүшү мүмкүн. Ушундай карталардын базасында жыйынтыкталган жалпы А. к. түзүлөт. Кырг-нда кээ бир райондор б-ча А. к-ды А. И. Бернштам, А. К. Kuбиров, П. Н. Кожемяко, Ю. А. Заднепровский ж. б. адистер түзүп чыгышкан.