АЛМАЗДУУ РАЙОНУ
Россиянын Архангел обл-нда; Архангельск ш-нан 70–100 км түн.-чыгыш тарапта. Чыгыш Европа алмаздуу провинциясынын курамына кирет. 1970–80-ж. ачылган. Негизги алмаздуулук Зимнебережный кимберлиттүү талаасына байланыштуу; анда өнөр жайлык маанидеги 2 алмаз кени ачылган (М. В. Ломоносов ж-а В. Гриба атн. кендер). Алардын суммардык запасы 350 млн карат, жалпы наркы 15 млрд доллар. Кимберлиттин ж-а ага тектеш магматизмдин өнүгүшү платформанын алгачкы герциндеги (соңку девон – ортонку карбон) активдешүү фазасы м-н байланыштуу. Түтүктөр жайгашкан рифей, венддин
терриген тектерин ортонку ж-а үстүнкү карбондун терриген ж-а карбонат тоо тектерин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин жалпы калыңдыгы 20– 50 м болгон чөкмөлөрү жаап жатат. Кимберлиттин алмаздуулугунун орт. өлчөмү 0,5-0,7 кар/г, кээ бир түтүктөрдө I кар/г га чейин. Кратер тектериндеги алмаздын орт. өлчөмү 0,3 кар /г, туфогендик колкодо – 0,9 кар/г, автолиттүү брекчияларда алмаз арбын 1,36 кар/г. Зергердик алмаздын өлчөмү 45% ке чейин.