АРТИСТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(фр. artiste, лат. агв – искусство) -1) исквонун бир тармагында чыг-лык м-н эмгектенген адам (актёр деген м-н бирдей мааниде); 2) өз ишинде чеберчиликке жетишкен киши. Артмане Вия (өз аты – Алида; 21. 8. 1929-ж. т., Тукум ш.) – латыш артисти, СССР эл арт. (1969), Латвия ССРинин мамл. сыйл. лауреаты (1980). 1949-ж. Ригадагы Райнис атн. көркөм театрдын алдындагы студияны бүткөн, 1949-98-ж. ушул эле театрда (1989-жылдан «Деймес» театры) иштеген. Ал түзгөн аялдардын образдарына назиктик, боорукерлик, асылзаадалык мүнөздүү. Аткарган белгилүү ролдору: Абигайль (Э. Скриба, «Бир чөйчөк суу»), Офелия, Джульетта (У. Шекспир, «Гамлет», «Ромео жана Джульетта»), Настасья Филипповна (Ф. М. Достоевский, «Кейбир»), Аркадина (А. П. Чехов, «Ак чардак»), Елизавета (Ф. Брукнер, «Елизавета Английская»), Тереза Ракен (Э. Золя, «Тереза Ракен»). 1998-99-ж. жаңы Рига театрында Графинянын (А. С. Пушкин, «Карганын маткеси» ж. б., ролдорду аткарган. 1983-87-ж. Латвия CCP театр коомунун председатели. Кинофильмдерде (1956-жылдан) аткарган ролдору: Соня («Өз каны», 1964), Аял («Эч ким өлүүнү каалаган эмес», 1966), Кристина («Эдгар жана Кристина», 1964) ж. б. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.