АРТЕМИДА ХРАМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

– гректердин аял Кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес ш-нда курулган храм. Мрамордон салынган. Анын курулушу 120 жылга созулуп, б. з. ч. 550-ж. ченде бүткөн. Храм өтө асем кооздолгондугу, кымбат баалуу буюмдарынын молдугу м-н атагы чыккан. А. х. кийин бузулуп жок болуп кеткен.