АРСЛАН ХAH

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСЛАН ХAH– карлуктардын 13-к-дын баш чендериндеги Жети-Суудагы мамлекетинин башчысы, хан. Ал Кайалык (Каялык) ш-н ордо кылган. Карлуктардын каракытайлар гурханына, найман элинин ханзаадасы Күчлүккө каршы күрөшкөн. Акыры 1210-11-ж. теңдешсиз согуштан улам тигилердин жоосу болгон Чынгыз ханга баш ийип берген. А. х. (А р с л а н теги н) Караханидцер династиясындагы хан ж-а ханзаадалардын наамы катары да белгилүү.