АРПА-ЙАЗЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:04, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРПА-ЙАЗЫ– жердин аты, тарыхый топоним. 15-к-гы кол жазма эстеликтерде («Зафар-наме», «Матла ас-садайнва маджма ал-бахрайн» ж. б.) Тимурдун Моголстанга жасаган жортуулдарына байланыштуу эске алынат. Тимурдун тарыхын жазган тарыхчылар (Низамаддин Шами, Шараф ад-дин али Йезди, Абд ар-Раззак Самарканди) А.-Й. Ат-Башыга жакын өрөөн, жайлоо экенин, аны Тимурдун аскерлери бир нече жолу басып өткөнүн белгилешкен. Айрым изилдөөчүлөр А.-Й. эки суунун (Арпа м-н Йазы) атын билдирет деген корутундуга келишкен. Чынында топоним эки башка сууну эмес, бир эле жерди, аймакты билдирет. Аталган эмгектерде да ушундай. Тимурдун аскерлери азыркы Арпа өрөөнүнөн өтүп, андан Фергана тоосун ашып, Жазы (Йазы, Яссы) суусун бойлоп кеткени ырас. Бирок булардын ар бири өзүнчө аймак, алардын жеке аты бар. А.-Й. азыркы Арпа өрөөнүнө гана таандык. Жери түзөң, жазы (кенен) талаа болгондуктан, бул аймак, берекелүү жайыт – Apna Жазы атальш калган. Номендин жазы эмес йазы түрүндө жазылып калышы, эски чагатай тилинде, жалпы эле карлук-хорезм тобуна кирген тилдерде «ж» ордуна «й» формантынын колдонушуна байланыштуу.

С.Өмүрзаков.