АРОМОРФОЗ
(гр. airo – көтөрөм ж-а morphosis -
үлгү, форма), арагенез – эволюциянын
жүрүшүндө организмдердин түзүлүшүнүн ж-а
кызматынын татаалданып өзгөрүшү. Ал организмдин зат алмашуусунун тездеши, физиол.
функцияларынын туруктуулугу, сырткы маалыматтарды өздөштүрүү көлөмү ж-а аны анализдөө жөндөмдүүлүгү м-н коштолот. А. бир эле
эволюциялык механизмдер – табигый тандалуу
ж-а тукум куума өзгөргүчтүк м-н шартталып,
жалпы адаптациянын бир түрү болуп эсептелет. Бул концепцияны А. Н. Северцов иштеп
чыккан (1925). А-го жаак ооздуу омурткалуулардын тегинде жаактын, сөөктүү балыктарда
бакалоор жапкагынын, куш м-н сүт эмүүчүлөрдө
жылуу кандуулуктун (гомойотермия) пайда болушу мисал болот. А-дун натыйжасында организмдер сырткы чөйрө ресурстарын пайдаланууда жаңы сапаттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп,
жаңы чөйрөгө өтүү, жаңы түрлөрдүн пайда болушу ж. б. келип чыгат, мис., байыркы сөөктүү
балыктарда өпкөнүн пайда болушу.