АРМЯН ТАЙПАК ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

негизинен Түркияда, о. эле Иран м-н Закавказьеде (Армения, Азербайжанда) жайгашкан. Аянты 400 миң км2дей. Лава-туфтан турган жанар тоо конустары (Арарат, бийикт. 5165 м, Себелан, Сюпхан, Арагац ж. б.) бар бөксө тоолордон ж-а тоо аралык өрөөндөр (Арарат, Эрзурум) м-н бөлүнгөн анча бийик эмес кырка тоолордон турат. Тектон. чуңкурдуктардын көбүнүн таманын көл (Ван, Севан, Урмия) ээлеп жатат. Климаты континенттик. Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрүндө 150– 300 мм, тоолордо 800 мм. Талаа ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү, тикендүү бадал, айрым жерлеринде токой, шалбаа өсөт. Оазистерде дыйканчылык өнүккөн.