АРКЫТ
АРКЫТ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы Сары-Челек көлүнө чектеш жаткан жаңгак
токоюна бай табигый кооз жер. Райондун борбору Кербен ш-нан 18–20 км түн.-чыгыш тарапта. Чаткал, Узун-Акмат (батышында), Бозбу (чыгышында) тоолорунун ортосунда; түндүгүндө Сары-Челек көлу жатат. Уз. 25 км, туурасы 12 кмге
чейин. Деңиз деңг. бийикт. 1200 мден 4247 мге (Муз-Төр) чейин. А-тын жогору жагында аскалуу тар капчыгайлар көп. Өрөөн аркылуу Кожо-Ата суусу агат, анын жылдык орт. чыгымы 4,67 м3/сек. Кышы жылуу ж-a нымдуу, жайы салкын. Июлдун орт. темп-расы 20–23°С, январдыкы –12°С. Жылдык жаан-чачыны 450 ммден ашык. Мезозой-кайнозойдун кызыл, боз түстөгү чөкмө тектеринен турат. Tooro өрдөгөн сайын жаңгак токойлору сейректеп, карагай
м-н алмашат. Мында жыгачтын 32, бадалдын
80, чөптүн 386дан ашык түрү бар. Токойдо жаңгак, алма, алмурут, алча, кайналы, өрүк, чие,
бадам, жүзүм, шилби, четин, карагай, кайың, ал эми субальп алкагында (2100–3000 м бийиктикте) пияздын бир нече жапайы түрү, кымыздык ж. б. өсөт. Жапайы жаңгак токою м-н көп
түрлүү өсүмдүктөр дүйнөсү өрөөндүн табиятына өзгөчө көрк берип турат. А-тын аймагынан жаңгак ж. б. мөмө-жемиштер жыйналат. Өрөөндүн Сары-Челек коругунун аймагында жайкысын жүздөгөн табиятты сүйүүчүлөр болушат. Топоним санскритче – кооз жер, ажайып жер маанисин билдирет.
М. Кадыркулов.