АРКТИКАЛЫК КЛИМАТ
Jump to navigation
Jump to search
АРКТИКАЛЫК КЛИМАТ – Арктикага мүнөздүү дайыма суук өкүм сүргөн климат. Ал негизинен Күн кыйгач тийип, анын радиациясынын аз өлчөмдө түшүшүнүн ж-a түбөлүк муздардын илебинин таасиринен пайда болот. Абанын темп-расы жалпысынан 0°тан төмөн болуп,анын төмөнкү чеги 50°ка жетет. Туман, булут каптап, бороон болуп турат. Жаан-чачын аз өлчөмдө (100-200 мм), негизинен кар аралаш майда жамгыр түрүндө түшөт. Жылуу күндөр уюлда бир ай, деңиз жээктеринде 2–3 ай гана болот. Уюлдук кеңдиктердин көп жерлеринен антициклон үзүлбөйт.