«АЖАР» повести

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page «АЖАР» to «АЖАР» чыгармасы) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – кыргыз прозасындагы туңгуч по­весттердин бири; автору К. Баялинов. Повесть 1928‑ж. жарык көргөн. Башкы каарманы Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Өткөн к‑дын 20-­ж‑нда татар, казак, өзбек ад‑ттарынын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма ад‑тындагы негизги темалардын бири болгон кыз‑келиндердин социал. жактан тең­сиз турмушу чагылдырылат. Башкы тема – кара күчкө каршы куралдуу айбат көрсөтөм деп бөөдө кыргынга учурап, өз жеринен, тынч турмушу­нан ажыраган, бөтөн эл, бөтөн жерде катуу жапа чеккен кыргыз элинин трагедиясы, б. а. 19-16­-жылдагы Улуу үркүндүн кейиштүү сүрөтү тар­тылат. Ажардын карышкырларга таланып өлүшү азаптуу замандын ага көрсөткөн жазасы эле. Ал кезде кыргыз эли дуушар болгон гено­цидцин (орус падышасынын тукум-курут кылуу саясатынын) эбегейсиз трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган каармандардын кайгылуу тагдырлары, азаптан күйгөн сезимдери жөнөкөй ж‑а жасалмасыз баяндалып берилгендиги м‑н айырмаланат. Повесть англис, немец, француз, испан ж‑а орус тилдерине которулган.	И.	Жумабаев.