АГЛОМЕРАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага жана касиетке (хим. курамына жана структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу менен майда материалдарды (кен ташты, металл аралаш кен таш концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-ж. Ф. Геберлейн жана Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунушталган. Жогорку темп-рада (1150°С) кен таштын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кен таш муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук А-лануучу материалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты А-ланганда, андагы сульфиддин кычкылданышынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ жана анын концентраты, 3 ммге чейинки кокс жана антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ агломерат. Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель жана коргошун өндүрүшүндө колдонулат. А. процессинде негизги жумушту А-лык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн т агломератты өндүрөт. А-лык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атменены булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет.

Ад.: Базилевич С. В., Вегман Е. Ф. Агломерация. М., 1967; Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.