АЗОБЕНЗОЛ
Jump to navigation
Jump to search
АЗОБЕНЗОЛ, C6H5N=NC6H5– ароматтык эң жөнөкөй азобирикме, мол. с. 182,22. Саргыч кызыл кристалл. Б. эрүү t 68°С, сууда эрибейт, орг. эриткичтерде, эфирде, концент. уксус ж‑а күкүрт к‑таларында эрийт. А. нитробензолду натрий гидрооксидинде цинктин спирттеги эритмеси же жегич чөйрөдө натрий станити м‑н калыбына келтирүүдөн ж‑а нитробензолдун анилин м‑н реакцияга киришинен алынат. А‑дун геом. эки (цис- ж‑а транс-) формалары бар. цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5
цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c
6h5‑n n‑c6h5цис‑формасы транс‑формасы
CeHs‑N C6Hs‑N
c6h5‑n n‑c6h5
Булардын туруктуусу – транс‑формасы. А‑го ультракызгылт‑көк нурду таасир кылуудан анын цис‑изомери алынат. А‑ду щелочтогу цинктин чаңы м‑н калыбына келтирип, гидроазобензол (C6H5‑NH‑NH‑C6H5), А‑дун мол‑сына амин же окситопторду киргизүүдөн синтездик азобоёктор алынат. Аны 1834‑ж. нем. химиги Э. Мичерлих ачкан.
С. А. Адылов.