АННАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:24, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АННАЛДАР (лат. annus – жыл) – жыл ичиндеги олуттуу окуяларды каттоо; тарыхый-баяндоо даректеринин адепки формасы, жазма санжыра. Жылына каттоо байыркы заманда көп элдерде болгон, бирок «А.» термини байыркы Римден чыккан. Анда жылда болгон олуттуу окуяларды тактайга жазып, элге жарыя көрсөтүп коюла турган. Кыязы А. б. з. ч. 387-ж. Римдеги өрттөн улам жок болуп кетсе керек, кийин эсте калгандары кайрадан жазылып, улантылган. 130 жылга жакын А. 80 китепке чогултулган («Чоң Анналдар» жыйнагы). 123–114-ж. А-ды жазуу токтотулган, бирок анналчылардын чыгармалары үчүн тарыхый булак болуп калган.