АРИСТОКРАТИЯ
(гр. aristos – мыкты ж-а
кратия – бийлик, мыктылардын бийлиги) –
1) бийлик уруулук ак сөөктөргө таандык болгон мамл. башкаруу формасы. «А.» деген сөз 1-
жолу байыркы грек ойчулдары (Платон, Аристотель, кийинчерээк Полибий) тарабынан ошол
кездеги кулчулук мамлекеттин башкаруу формаларынын бирин белгилөө катары сунуш кылынган. А-лык республиканын үлгүсү катары
байыркы грек Спартасы, Рим (б. з. ч. 6–1 к.),
Карфаген; о. кылымдардагы Европадагы Венеция, Россиядагы Новгород ж-а Псков республикалары эсептелет. Анда бардык бийлик толугу
м-н «мыкты» деп саналган «тектүү», адамдар
тобунун колунда болгон ж-а ал мурас катары
өтүп турган. 2) Атайын титулдары (граф, барон,
князь, чынжырлуу манап, султан, төрө ж. б.),
артыкчылыктары (бийлик чөйрөсүнө тикелей
катышуучулугу, ири байлык ээси) м-н айырмаланган ж-а аларды укумдан-тукумга, атадан-балага мурастоо укугуна ээ болгон төбөлдөрдүн жогорку катмары (Рим патрицийлери,
афиныдагы эвпатрилер, Таунтинсуйу инкилер,
көчмөн түрк элдердеги бийлер, султандар ж. б.).
Соңку учурда А-нын ролун элита алмаштырууда.