АРЕФЬЕВ Анатолий Васильевич
Анатолий Васильевич (24. 11. 1918,
Ставрополь ш. – 28. 1. 1989, Днепропетровск) -
театр сүрөтчүсү, Кыргыз ССР (1962) ж-а СССР
(1967) эл сүрөтчүсү. Кыргыз мамл. опера ж-а ба-
лет театрында 1947-жылдан
сүрөтчү, башкы сүрөтчү
(1949-71). А. «Манас», «Айчүрөк», «Кыз Жибек», «Оптимисттик трагедия», «Жамийла», «Аида», «Чолпон»,
«Уйкудагы сулуу» ж. б. 79
опера ж-а балет спектаклин
жасалгалаган. А. респ., бүткүл союздук ж-а эл аралык
масштабда (Вена, Париж,
Лондон, Бразилия) өткөрүл-
гөн сүрөт көргөзмөсүнүн бир нече жолку катышуучусу. Ал Ленинград акад. опера ж-а балет
театрында коюлган «Тынч Дон» операсынын,
Кыргыз мамл. опера ж-а балет театрында коюлган «Белгисиз жоокер» ж. б. опералардын жасалгалары үчүн биринчи даражадагы диплом алган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл
Жылдыз ордендери м-н сыйланган.
Ад.: Джусупова О.Н., А. В Арефьев. Ф., 1958.