АРЕОПАГ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. Areis pagos – Арео дөбөсү) – Байыркы Афиныдагы бийлик органы. Ал уруулук түзүлүш доорунда келип чыккан ж-а анын
мүчөлөрү өмүрүнүн аягына чейин шайланышкан.
А-дын жыйындары Афиныдагы Арес дөбөсүндө
өткөрүлгөндүктөн, ушундайча аталган. А. кеңири саясий, диний, сот ж-а көзөмөлдөө бийлигине ээ болуп, адегенде аристократиянын,
анан олигархиянын тиреги болгон. Афины демократиясынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон
Эфиальттын реформасынан кийин А-дын бийлиги улам чектелип олтуруп, саясий бийликтен ажыратылган.