АРЕНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:33, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕНА (лат. арена, сөзмө сөз – кум) – 1) Ба­йыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч айбандар м-н гладиаторлорду (кул же согуш туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. Арена м-н көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган; спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, бас­кетбол аянтчалары да аренага кирет.