АРГИЛЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:04, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГИЛЛИТ (гр. argillos – чопо, lithos – таш) -диагенез ж-а эпигенез процесстеринде чопонун ныкталып, нымсызданып ж-а цементтелишинен пайда болгон катуу тоотек. Сууда эзилбегендиги ж-а катуулугу м-н чоподон айырмаланат. Цемент, керамзит, курулуш карапасын алуу материалы катары колдонулат. А-тер көбүнчө көмүр м-н нефть кендери бар жерлерде жолукандыктан, жер бетинде алардын жайгашуусун ж-а таркалышын изилдөөнүн мааниси чоң.оң.