АРБИТРАЖ
[фр. arbitrage – арбитр, ортомчу,
третейлик (аралык) сот] – тараптардын макулдашуусунун негизинде талаш-тартыш маселелерди сот органдарына эмес, айрым адамдарга -
арбитрлерге же третей (аралык) сотторго (судьяларга) кайрылып чечүүнүн ыкмасы (методу).
А. жарандардын ж-а уюмдардын бузулган укуктарын ж-а мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодогу соттук формага карата жол альтернативдүү болуп эсептелет. Анын өзгөчөлүгү – иштердин каралыш тартиби ж-а арбитрлердин персоналдык курамы тараптардын макулдашуусу
м-н аныкталышы ж-а мыйзамда көрсөтүлгөн
тартипте дайындалышы. А. негизинен соода операцияларынан, жүк ташуудан, товар жеткирүүдөн ж. б. чыккан мүлктүк талаш-тартыштарды чечет. А. органдарынын функцияларын
третейлик (аралык) соттор аткарат. О. эле аралык А., улуттук А., б. а. мамл. ж-а ведомстволук – деп экиге бөлүнөт.