АРАМЕЙ ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
АРАМЕЙ ТИЛИ – семит тилдеринин тобуна кирген тилдердин бири. Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер б. з. ч. 9-10-кылымдарга таандык. Байыркы мекени – Сирия ж-а Месопотамиядан Ж. Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. Арамей тилиндеги адабияттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мис., Библия ж-а Талмуддун айрым бөлүмдөрү) болгон. Арамей тили арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) ж-а чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.