АРАЛЫКТАН ОКУТУУ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛЫКТАН ОКУТУУ – азыркы учурда байланыш техникасынын жетишкендиктерин пайдалануу м-н окуучуларга аралыктан үзгүлтүксүз билим берүү. Ал максатта телефондук байланыш, радио, телекөрсөтүү, спутник байланышы ж-а интернет түйүнү аркылуу компьютерлер пайдаланылат. Бул негизинен күндүзгү окутуу учурундагыдай эле мугалимдин окуучу м-н болгон байланышын камсыз кылат.