АРАЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:23, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЫК– мааниси кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геом.

түшүнүк. Эки чекиттин арасындагы А. аларды туташтырган кесиндинин узундугу. Чекиттен түз сызыкка (же тегиздикке) чейинки А. – берилген чекиттен берилген түз сызыкка (тегиздикке) түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндисинин узундугу. Жарыш түз сызыктардын (тегиздиктердин) арасындагы А. – бул түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу.