АРАЛАШ ТОКОЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:57, 16 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛАШ ТОКОЙ – ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне ж-а жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр ж-а ийне жалбырактуу ж. б. болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый А. т. көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.