АРАЛ кыштагы Манас району
Jump to navigation
Jump to search
– Талас обл-нун Манас р-ндагы кыштак.
Кайынды айыл округунун борбору. Райондун
борбору Покровка кыш-нан 16 км, Жамбыл
темир жол бекетинен 86 км. Деңиз деңг. 1118 м
бийиктикте жайгашкан. 1928-ж. отурукташкан.
Калкы 1457 (2009); негизинен мал чарбасында
ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп,
өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, белгилүү Кыргыз
эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин фольклордукэтногр. музейи, китепкана, мад-т үйү, автоматташтырылган телефон станциясы, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, кыш
з-ду, айылга жакын гранит кенинин карьери бар.