АРАГОНИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:54, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геол. тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жа­шыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4. С. салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында ж-а минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер м-н акактардын көпчүлүк бөлүгү А. турат.