АРАВАН АСКА БЕТИНДЕГИ СҮРӨТТӨР
10:02, 15 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын башына таандык археол. эстелик. Араван суусунун оң өйүзүндөгү бийик эмес асканын түн.батыш бетинде аркардын, тоо эчкилердин, адамдардын ж-а жылкылардын сүрөттөрү кездешет. Сүрөттөр кылдат чегилип, аткарылышы жагынан сактардын сүрөт өнөрүнө тектеш. Алардын арасында тартылган жылкынын турпаттары А. Н. Бернштамдын пикири б-ча даван аргымактарына окшоштурулат.
Ч. М. Жолдошов.