АРАБ-ИЗРАИЛЬ СОГУШТАРЫ
09:20, 15 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– Израиль м-н араб өлкөлөрүнүн ортосундагы 1948–49, 1956,1967, 1973 ж-а 1982-ж. болгон аскердик кагылышуулар. 1947-ж. 29-ноябрда Палестинага Англиянын мандатын токтотуу, Палестина аймагында араб ж-а еврей мамлекеттерин түзүү ж-дөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими кабыл алынган. Бул резолюцияны таануудан баш тарткан соң, арабдар м-н еврейлердин ортосундагы алгачкы кагылышуу болуп өткөн. Ошол кезде (1947) Палестинада 1,2 млн араб, 650 миң еврей жашаган. Палестинадан Англиянын аскерлери чыгарылып кеткенден кийин Израиль мамлекетинин түзүлгөндүгү жарыяланды (14. 5. 1948). Анын чек арасы аныктала электе эле эртеси еврейлер м-н арабдардын ортосунда куралдуу кагылыштар башталган. Араб өлкөлөрү Израилге басып кирген, бирок ал өз көз карандысыздыгын сактап калган. Египет, Трансиордания, Ирак, Сирия ж-а Ливандын аскерлери Палестинадагы аймактарды басьш алган. Израилдиктер тарабынан Иерусалимге баруучу жолго ж-а Египет – Палестина чек арасын бойлото көзөмөл орнотулат (1949). БУУнун Коопсуздук Кеңешинин согушту токтотуу б-ча аракеттери оң натыйжа берген жок, еврей террорчулары тарабынан БУУнун атайын өкүлү граф Фольк Бернадотт өлтүрүлөт. 1949-жылдын февраль – июль айларында араб өлкөлөрү м-н Израилдин ортосундагы алгачкы жарашуу келишимдерине кол коюлуп, анын шарттары б-ча Израилдин убактылуу чек арасы аныкталып, Газа аймагы Египеттин көзөмөлүнө калтырылган. Трансиордания Иордан д-нын батышындагы жерлердин бир бөлүгүн кошуп алып, Иордания аталат. Иерусалим ш-н араб ж-а еврей аймактарына бөлүү ж-дөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими (29. 11. 1947) кабыл алынат. Согуштун жыйынтыгында Палестина арабдары Израиль басып алган жерлердеги ата конуштарын таштап кетүүгө аргасыз болот. 50-жылдардын ортосунда Египет м-н Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер кайрадан татаалдашат. АКШ Египетке экон. кысым көрсөтүү максатында Асуан плотинасын курууга каражат берүүдөн баш тарткан. Ага жооп иретинде Египеттин президенти Гамаль Абдель Насер Суэц каналын мамлекеттештирген. Ошондон кийин Лондондо жыйналган 22 мамлекеттин өкүлдөрү Суэц каналынын мурдагы эл аралык статусун калыбына келтирүү ж-а каналды биргелешип башкаруу ж-дө чечим кабыл алган. Насер бул чечимди аткаруудан баш тарткандан кийин Израиль, Улуу Британия ж-а Франция аны бийликтен күч м-н четтетүүгө аракеттенген. 29-октябрда Израиль аскерлери Египеттин Синай ж. а-гы аймактарга чабуул жасаган. Согушка Израиль тарабында Улуу Британия м-н Франция аралашат. 31-октябрда англис-француз куралдуу күчтөрү Египетти бомбалайт. 5-ноябрда англис-француз аскерлери Порт-Саид портуна түшүрүлөт. Агрессия БУУнун Генералдык Ассамблеясында чечкиндүү айыпталып, СССР жетекчилиги «агрессорлорду күч колдонуу м-н талкалоого» даяр экендиги тууралуу билдирүүсү ж-а АКШ администрациясынын да баскынчылардын мындай аракетин колдобогондугу Францияны, Улуу Британияны (22. 12. 1956) ж-а Израилди (8. 03.1957) Египеттен өз аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз кылды. Израиль - египет чек ара тилкесине БУУнун аскерлери жайгаштырылды. Арабдар м-н Израилдин ортосундагы кагылыштар 1967-ж. жаңы согушка алып келген. Бул тарыхка «алты күндүк согуш» деген ат м-н кирген. 1967-ж. 5–11-июнда Израиль көптөгөн араб кыштактарын кыргынга учуратып, Египет, Сирия ж-а Иорданиянын 1,5 млн тургуну бар 66 642 км2 жерин, Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн алты күндө басып алган. Араб өлкөлөрү АКШ м-н Улуу Британияга нефть сатууну токтотуп, Суэц каналын жапкан. СССР Израиль м-н дипл. байланыштарын токтоткон. Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын Хартумдагы (1967) кездешүүсүндө, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессиясы Израилден куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылган. Израилдин басып алган жерлерди бошотпоосу, нефтинин дүйнөлүк саясаттын куралына айланышы арабдар м-н еврейлердин ортосундагы мамилелерди татаалдатат. Нефть өндүрүүчү жети араб өлкөсү Израилге жардам бергендиги үчүн АКШ м-н Голландияга нефть сатууга эмбарго жарыялап, баасын кескин көтөргөн. Египет м-н Сирия СССРдин жардамы м-н аскерлерин куралдандырган, Израиль АКШдан курал-жарак алган. 1973-ж. башталган үчүнчү согушта Египет аскерлери Суэц каналынан өтүп, сириялыктар Голан бийиктигинде жеңишке жетишкен. Израилдиктер контр чабуулга өтүп, Египеттин коргонуу чептерин бузуп, Каирге бет алган, сириялыктарды 30 кмге чейин чегинүүгө аргасыз кылган. АКШ м-н СССРдин кийлигишүүсү м-н Египет, Сирия ж-а Израиль ортосунда келишимге кол коюлуп (1978), анын аткарылышын контролдоо БУУнун күчтөрүнө ташпырылган. Египет 1967-ж. согушта айрылып калган Синай ж. а. Египеттин жаңы президенти Анвар Саадаттын Израиль м-н түзгөн Кэмп-Дэвид келишимдеринин натыйжасында гана кайтарып алган (1982). Израиль аскерлери Синай ж. а-нан чыгарылып кеткен соң, Израиль м-н палестиналык арабдардын куралдуу отряддарынын ортосундагы кагылышуулар жаңжалдын очогуна айланган. 1982-ж. Израиль вертолеттору Бейрутту ж-а Палестина боштондукка чыгаруу уюмунун базалары жайгашкан Ливанды бомбалаган. Израиль аскерлери Ливанга басып кирип, Бейрутту курчоого алган. Бул согушта да Израиль аскерлери ал аралык күчтөрдүн талабы м-н чыгарылды (1985). Андан кийин да Израиль басып алган жерлерде (1987-ж. 9-декабрында) бир нече кандуу окуялар болуп өткөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) лидери Ясир Арафат Израилдин куралдуу күчтөрүнө ж-а полицияга каршылык көргөзүүнүн жаңы формасы – интифаданы жарыялады.
1993-ж. Израиль м-н ПБЧУнун ортосундагы макулдашууга ылайык, ПБЧУнун куралдуу аракеттерин токтотуу шарты м-н Иордан д-нын батыш жээги ж-а Газа секторун палестиналыктарга өткөрүп берүү тууралуу макулдашылган.
1993-ж. Израиль м-н Иорданиянын ортосунда тынчтык келишимге кол коюлду. Формалдуу түрдө Сирия Израиль м-н согуш абалына келет. Сирия м-н Израилдин ортосундагы тынчтык келишимдерин түзүү ж-дөгү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мындай келишимдерге кол коюлса, көпчүлүк аймактары сириялык аскерлер тарабынан көзөмөлдөнүп турган Ливан м-н Израилдин ортосундагы мамилелер да жөнгө салынмак.
Ад.: Харенберг Бодо. Хроника человечества. М., 1996.
А. Орозов.