АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
(фарсы тилинде
аб – суу, ширин — туздуу) Каспий деңизинин
батыш жээгинде, Азербайжандын аймагында.
Уз. 60 кмге чейин. Туурасы 30 кмге чейин, чыгыш чети Шахов саяңы аталат. Баткактуу дөбөлөр ж-а туюк чуңкурдуктары бар күдүрлүү түздүк. Шор жерлер, туздуу көлдөр, нефть ж-а газ
кендери бар. Эфемерлүү жарым чөл өсүмдүктөрү
басымдуу (кышында да вегетация жүрөт). Түш.
жээгинде Баку ш., түндүгүндө Апшерон курорттор тобу жайгашкан.