«АППЛЕ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(Эпл) (англ. Apple Computer corporation) – микропроцессор, жеке компью­тер, серверлерди өндүргөн жана бул багыт б-ча алдынкы орунда туруп, компьютер үчүн иштетүү системаларын, программалык жабдыктардын кеңири номенклатурасын иштеп чыккан кор­порация. АКШда түзүлгөн. «А» компьютери жо­горку мүмкүнчүлүктөргө ээ, тейлөөсү жөнөкөй. «А» компьютерин иштетүү системаларынын ке­ңири белгилүүлөрү UNIX, Copland жана MacOS. «Apple кызматташтыгынын ачык чөйрөсү» колдонмо процесстердин АОСЕ аттуу интерфейс тобун жарыялаган, ал кеп (речь) почта жана элек­трон почтасын, электрон таблицасын, факс байланышын, радио чакыруу түзүлүшүнүн иштепшн колдойт, о. эле тармак компьютерлерин сунуш кылат.