АПОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы

грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. А. нерседе же ал ж-дө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон келип чыгат. 1-жолу А-га Платон филос. маани берген. Ал А-ны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. А-нын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы ой корутундуларынын тепетеңдигин А. деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн эмес деген далилдемелерине ылайык, А. – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери А-ны так ушул мааниде түшүнүшкөн. А. – байыркы грек филосо­фиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.