АПОПТОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 15 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОПТОЗ (апо'... ж-а ptosis – түшүү, басаңдоо) клеткалардын генет. аныкталган программа б-ча өзүнөн-өзү бузулуу процесси; тышкы же ички өзгөрүүлөргө жооп иретинде болот, клетканын программаланган өлүмүнүн бир түрү. Кокусунан жабыркаган клетканын өлүшүнөн айырмала­нып, А. кадимки физиол. процесс болуп эсепте­лет. А. бардык көп клеткалуу эукариотторго мүнөздүү. Ал ачыткычтарда байкалып, клетка�­лардын популяциясынын тең салмактуулугун сактоодо мааниге ээ. Көпчүлүк учурда А. биологияда самурай законунун көрүнүшү болуп сана�­лат. Ал закон б-ча тирүү система өзүн жок кы­луу механизмине ээ. Анда ал өзүнүн функциясын аткара албай, системага керексиз болгондо учурайт. Клетканын программаланган өлүмү биологияда эмбриондук өрчүү механизминин бири катары (мис., көнөк баштын куйругунун жоголушу ж. б.) белгилүү. А. концепциясын жалпы биол. программа катары англ. окумуштуулар Дж. Керр, А. Вилли ж-а А. Кьюри түзүшкөн ж-а терминди сунуш кылышкан. А . программасынын иштебей калышы рак ж-а аутоиммун ооруларынын өрчүшүнө алып келет. А-дун коргонуу функциясына вирус жуккан же стресстен жабыркаган клеткалардын өзүн-өзү жок кылышы да кирет. Бул механизм инфекциянын өсүшүн, генет. өзгөргөн клеткалардын пайда болушун токтотууга багытталган. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө илдет жуккан жер�ан жер­дин айланасындагы клеткалардын өлүшү инфекциядан коргонуусу болуп саналат. Жабыр­каган ткандын айланасындагы клеткалардын ашыкча A-у жүрөктө инфаркт, мээде инсульт ж. б. ооруларга алып келет. Нерв клеткаларыы­нын A-у нейродегенерациялык ооруларга (мис., паркинсон), ал эми лимфациттердегиси ИЖОСтун (СПИДдин) өрчүшүнө негиз болушу ыктымал. Б. Бегалиева.