АПОГЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПОГЕЙ (апо... ж-а гр. ge – Жер) – 1) бир нерсенин эң жогорку баскычы. Көркөм чыгармада конфликттин апогейи, сюжеттин апогейи ж. б. болушу мүмкүн; 2) Айдын ж-а Жердин жасалма жандоочторунун орбита б-ча айлангандагы Жерден өтө алыс чекити. Астрономияда «апогей» термини жерди туюк орбита б-ча айлануучу асман телолоруна гана тиешелүү.